Биз менен байланышыңыз

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган чет элдик жаран кармалды

Кыска кабар | 20 Апр 2024 | 120 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан криминалдык элементтерге жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү учурунда Кыргызстандын аймагында бир катар оор кылмыштарды, анын ичинде каракчылык кылмыштарды жасоого айыпталган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

«Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон  1990-жылы туулган Казакстандын жараны С.А.А. аныкталып, кармалган. Аталган жаран жазадан кутулуу максатында 2023-жылдын күзүндө көзөмөл-өткөрмө бекеттен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM