Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык эки балбан Париж Олимпиадасына жолдомо утушту

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 116 | 0

Бүгүн, 19-апрелде Бишкекте Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык  турниринде эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу жана 65 кг салмакта Эрназар Акматалиев атаандаштарын жеңип, Париж Олимпиадасына лицензия алышты.

Балбан Бекзат Алмаз уулу 57 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашты.

Ал 1/8 финалдык баскычтан баштап, Палестина менен Кытайдын спортчуларын утуп, жарым финалга чыккан. Бекзат финалдык беттеште Монголиялык балбан менен беттешип, аны жеңип, Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Эрназар Акматалиев 65 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашты.

Ал алгач Ирактык балбан менен күрөшүп, мөөнөтүнөн мурда жеңип, андан кийин Монголиялык балбанды жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Түндүк Кореянын балбанын 5:3 эсебинде утуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Акматалиев 2021-жылы Токио олимпиадасына катышкан. Бирок алгачкы беттеште жеңилип калган.

Ушул тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде жети жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча  Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары суучул Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM