Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футзалчылары Жапонияны жеңди (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 216 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 2024-жылдагы футзал боюнча Азия Кубогунда Жапониянын командасын жеңди.

Оюн 18-апрелде «Бангкок Арена» стадионунда өтүп, Кыргызстандын футзалчылары Жапониянын командасын 2:3 эсебинде утту. Кыргыз тараптан голду Самат Жанат уулу (8′), Максат Алимов (20′) жана Кайрат Кубанычов (29′) киргизди.

Буга чейин Кыргызстан Жапониянын курама командасы менен 10 жолу оюн өткөргөн. Анын бирин Кыргызстан жеңсе, калган тогуз оюнда жапондор уткан.

Кыргызстан бул жолу «С» тайпасына туш келди. Анда Жапония, Түштүк Корея жана Тажикстандын улуттук командалары бар.

Алдыда Кыргызстандын улуттук курамасы Тажикстан менен 20-апрелде, Түштүк Корея менен 22-апрелде беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM