Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барды

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 84 | 0

Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барды. Президентти Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.

Сапардын алкагында президент Казакстандын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынына катышат. Ошондой эле Жапаров менен Токаевдин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.

Иш сапарга карата «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенциянын тегерек столу, кыргыз-казак жаштар форуму, Жусуп Абдрахмановго арналган илимий-практикалык конференция, окумуштуулардын «Кыргызстан менен Казакстандын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө илимдин өнүгүшүнүн келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар арналган.

Делегациянын курамы:
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

  • Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

  • Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дүйшекеев;

  • Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

  • Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;

  • Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

  • Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев;

  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

  • Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардаңов;

  • Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев;

  • Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM