Биз менен байланышыңыз

Элмирбек Иманалиевге «Эмгек Баатыры» наамы ыйгарылды

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 257 | 0

Президент Садыр Жапаров 18-апрелде Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратынын ачылышында «Манас» эпосун сактоого, айтуучулук өнөрүн жана төкмө чыгармачылыгын илгерилетүүгө кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевге көзү өткөндөн кийин «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы тапшырылды. Манасчы Рысбай Исаков «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамы ыйгарылды.

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу «Даңк» медалы менен сыйланды.

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наамы «Манас» театрынын төкмө акыны Баян Акматовго  тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төкмө акын Изат Айдаркулова, «Манас» театрынын дастанчысы Улукбек Токтоболот уулу сыйланышты.

Copyright © 2017 Maral FM