Биз менен байланышыңыз

Майыптыгы бар балдарды баккан камкорчулардын маянасын эки эсе көбөйтүү сунушталды

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 177 | 0

Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жыйынында депутат Жанарбек Акаев көзөмөлгө дайым муктаж балдары бар ата-энелердин акысын эки эсе көбөйтүүнү сунуштады.

Ал өлкөдө реабилитациялык борборлор да жетишпей турганын, аймактардагы бош турган имараттарды реабилитациялык борбор үчүн колдонууну да карап көрүүнү өтүндү.

«Жакында Алай районунда, Бишкек, Ош шаарларында аркетке жөндөмсүз, камкордукка муктаж балдардын ата-энелери менен жолугуштум. Кыргызстанда аутизм, даун синдрому, шал илдетине чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканы өкүндүрөт. Бирок ата-энелерине өкмөт тараптан көңүл буруу жетишсиз болууда. Энелери күнү-түнү майып балдарынын жанында болот. Балдарды багуучулардын 98 пайызы апалар. Аталар мындай балдарга кам көрүшпөйт, жада калса үй-бүлөнү таштап кеткендери бар. Мындай энелер айына 6 миң 300 сом гана алышат. Ошол сумманы өкмөт эки эсе көтөрүп берсе. Анткени андай баланы реабилитациялык борборго, массажга жана башка жактарга алып барып туруу керек, азыр өкмөт бөлгөн акча жетпейт » ,- деди Жанарбек Акаев.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин быйыл январдагы маалыматына караганда, 14 миң 287 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жана чоңдор жеке жардамчылардын кызматын алышат.

Дайыма бир адамдын кароосуна муктаж, майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдарды баккандар үчүн 2019-жылдан тарта маяна төлөнө баштаган. Жеке жардамчыга ай сайын төлөнүүчү төлөм 6 миң 268 сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM