Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунда чек ара кызматкерлери жаңы батирлүү болушту

Кыска кабар | 17 Апр 2024 | 91 | 0

Бүгүн, 17-апрелде  УКМК караштуу Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгында чек арачыларга 67 батирлүү жаңы көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы билдирди.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачыларга тапшырып жатып, чек арачыларга бардык шарттар түзүлөөрүн аны менен катар аскерлерге коюлган талаптар дагы күчөтүлөөрүн белгилеген.

«Мамлекетибизде урматтуу президентибиздин тапшырмасы менен ушул сыяктуу курулуштар, аскерлердин жашоо шартын, материалдык-техникалык базаларын чыңдоо аракеттери мындан ары да кызуу уланат. Ошол эле учурда, аскерлерге коюлган талаптар дагы күчөтүлөт. Өз милдеттериңерди так жана берилгендик менен аткарышыңар керек…» — деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Мындан сырткары, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн имараты да ачылды.

Ошондой эле чек арачыларга 25 жаңы атайын аскердик техникалар да тапшырды. Заманбап үлгүдөгү унаалар, куралдуу аракеттер үчүн негизделген жана алар өлкөнүн түштүк аймагында чек ара бөлүктөрүнө таратылып жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM