Биз менен байланышыңыз

«Шереметьево» аэропортунан 20 кыргызстандык Орусияга киргизилген жок

Кыска кабар | 17 Апр 2024 | 221 | 0

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен биргеликте Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда жүргөн мекендештердин абалына көз салууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 17-апрелде билдирди.

Учурда аэропорттун транзиттик зонасында ар кандай себептер менен паспорттук текшерүүдөн өтө албай калган 20га жакын Кыргыз Республикасынын жараны бар экени кабарланды.

Кыргызстандын жарандары тамактануу маселесин уюштуруп берүү боюнча элчиликке кайрылышкан. Тышкы иштер министрлиги маселе тез арада чечилгенин билдирди.

«Элчиликтин кызматкерлери аэропортто жарандар менен байланышта. Учурда аларды Кыргызстанга кийинки каттамдарга жөнөтүү маселеси каралууда» , — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM