Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Башкы прокурордун зомбулукка каршы жүргүзүп жаткан ишин сынга алды

Коом , Саясат | 16 Апр 2024 | 446 | 0

Өткөн жылы өлкө боюнча 40 миңден ашык кылмыш иши катталып, прокуратура тарабынан дээрлик 18 млрд сомдук зыян аныкталган. Коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча миңден ашык иш козголгон. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине жылдык отчетун берип жатканда белгилүү болду. Зулушев экология, жер маселеси, ошондой эле балдарга, аялдарга каршы кылмыштар, кыргызстандыктарды экстрадициялоо жана башкалар боюнча аныкталган мыйзам бузуулар тууралуу да маалымат берди. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматына ылайык, былтыр сотторго карата 11 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен тергөөнүн жыйынтыгы менен төрт иш соттун кароосуна жиберилген, үч иш өндүрүштө токтотулган, эки иш бириктирилген, бир иш тергелип жатат.

Депутаттарга карата төрт кылмыш иши ачылып, анын бири кыскартылган.

Талкуу учурунда депутат Гуля Кожокулова өткөн жылы мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын иши боюнча канча укук коргоо кызматкерлери жоопко тартылганын сурады.

Ал буга чейин жабырлануучу мурдагы күйөөсүнүн кордоп жатканын айтып бир канча жолу милицияга кайрылганын белгиледи.

«Зордук-зомбулукка кабылгандар боюнча суроо берем. Коомчулукта резонанс жараткан Асел Ногойбаеванын окуясы. Ал бир жолу эмес, бир нече ирет укук коргоо максатында укук коргоочу органдарга кайрылган. Бул иш боюнча ким кылмыш жоопкерчилигине тартылды? Конкреттүү жооп керек. Кызмат органдарынан кимдер, кайсы беренелер боюнча жоопко тартылды?».

Өткөн жылдын 20-сентябрында 36 жаштагы кулак-мурду кескиленген келин Сокулук райондук ооруканасына түшкөн. Кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду райондук сот 20 жылга эркиндигинен ажыратты. Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсүнүн кордоп жатканын айтып, буга чейин да беш жолу милицияга арыз жазганы белгилүү болгон.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн, сот чечими бар экенин айтты. Ал соттун чечими менен январда айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 20 жылга кесилгенин билдирди.

Ошондой эле прокурор Сокулук районунун судьясы кызматынан бошотулганын кошумчалады.

«Кызматтык милдеттерин жетишсиз аткаргандыгы үчүн Сокулук районунун прокурору Бекташевге жана Сокулук районунун прокурорунун жардамчысы Жакыпбаевага сөгүш жарыяланып, Чүй облустук прокуратурасынын прокурору Шираевге дисциплинардык жаза жарыяланды. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери да жасалган кылмыштарга баа бербегени үчүн жазаларын алышты».

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты.

«Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары дисциплинардык, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да дисциплинардык жазага тартылды».

Эл өкүлү Гуля Кожокулова Башкы прокурордун жообуна канааттанбаганын айтып, укук коргоо кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке гана тартылышканын белгиледи. Айтуусунда, шалаакылык болуп, оор кесепеттерге алып келди.

Ал эми Зулушев аткарылган иштер тууралуу айтып жатканын белгилеп, депутатты божомолдоп сүйлөөдөн алыс болууга чакырды. Башкы прокурор Ногойбаеванын ишине тиешелүү соттордун чечимдери, прокуратура, милиция кызматкерлери кандай жазаланганы жөнүндө толук маалымат бергенин айтты.

 «Демек, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар милицияга жүз жолу кайрылса болот экен, анын кесепети оор болсо, эч ким жоопко тартылбайт экен да?» – деди Кожокулова.

Дагы бир депутат Айсулуу Мамашова үч баланын апасы, 33 жаштагы келиндин өлүмү боюнча үн катты. Ал бүгүнкү күндө шалаакылыгы үчүн укук коргоо органдары кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатабы деген суроону узатты.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматына караганда, жалпысынан өткөн жылы 41 миң 961 кылмыш катталып, прокуратура тарабынан 17 миллиард 979 миллион сомдук зыян аныкталган, коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча 1116 иш козголгон.

Прокурор экология, жер маселеси, ошондой эле балдарга, аялдарга каршы кылмыштар, кыргызстандыктарды экстрадициялоо жана башкалар боюнча аныкталган мыйзам бузууларга да токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM