Биз менен байланышыңыз

«Буйрук менен каралап жатат окшойт». Прокурор Зулушев депутат Атазов тууралуу үн катты

Кыска кабар | 16 Апр 2024 | 374 | 0

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун өзүнө карата айткан дооматтарына жооп берди.

Зулушев 16-апрелде Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинин биргелешкен жыйынында прокуратуранын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Башкы прокурор Зулушев депутат Шайлообек Атазов ошол кезде өлкөнүн чегинен чыгып кеткендиктен айткандарын тактоо мүмкүн болбогонун айтты. Эмне себептен өзүнө куугунтук болуп жатканын айтканы да бье

«Прокуратура 900дөй адамды мыйзамсыз жоопко тартты, 300 адам акталды деп айтып жатат, бул фактыларды кайдан алганын такташыбыз керек. Өзүнө куугунтуктоо эмне себептен мен тараптан болуп жатканын айтып жатат, түшүндүргөн жок. Анын маселесине прокуратуранын тиешеси жок, сот аркылуу чечилип жатат. Кандайдыр бир буйрук аткаруу максатында каралап жатат окшойт» , — деди Зулушев.

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында Шайлообек Атазов депутаттык мандатынын алынышы, Райымбек Матраимов менен байланышы, өзүнө карата каралоолор тууралуу билдирүү жасаган. Мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгонун айткан.

«Ошол мандатты эки жылдан бери артымдан кууп жүрүп, башкы прокурор максатына жетти. Кара пиарды ким кылып жатат? Элдин аманатын эртең Кыяматта сураса, ошол жооп берет. «Матраимовго байланышы бар» деп жатасыңар, азыр аны менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Мен кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин да көп адам менен байланышкам. Матраимов менен байланышы бар «майда балыктарды» эмес, эң чоң эки «китти» айтып коёюн, мына башкы прокурор, сиз үч жылдан бери прокурор болуп отурасыз, ал киши (Матраимов) чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда эле кармабайт белеңиз?» — деди Шайлообек Атазов.

Бишкек шаарынын административдик соту депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыраткан. Мындай чечимди шаардык сот да карап, күчүндө калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM