Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов кармалганы кабарланды. Бул тууралуу бир катар маалыматтык агенттиктер жеке булактарына таянып 14-апрелде жазды.
Маалыматтарга караганда, Максатбек Сазыкулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кармалган.
Атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Максатбек Сазыкулов 2023-жылдын октябрь айынан тарта шаардын вице-мэри болуп иштеп жаткан. Ал транспорт жана курулуш иштерин көзөмөлдөгөн.