Биз менен байланышыңыз

Бала бакчаларда тамак берүүнү уюштуруу кайра мамлекетке жүктөлөт

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 134 | 0

Жогорку Кеңештин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун максаты бала бакчаларда тамак-ашка ата-энелер тарабынан гана төлөө ченемин алып салуу болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаттары былтыр декабрда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Демилгечи катары 18 депутат кол койгон мыйзам долбоорунда 28-берененин 6-бөлүмүн толугу менен алып салуу сунушталган.

Айтылган берене «Билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу тартиби» деп аталып, анын 6-бөлүмүнө «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат» деген эреже киргизилген.

Депутаттар берген түшүндүрмөгө караганда, бул бөлүмгө таянган Финансы министрлиги бала бакчалардын тамак-ашын каржылоону токтотуп жатат. Бирок 28-берененин 4-бөлүмүндө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамак-аш уюштуруу республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин, жеке жана юридикалык жактардын, ата-энелердин, мыйзамга каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылары жазылган. Мындан улам депутаттар 6-бөлүмдү таптакыр алып салып, 4-бөлүм менен гана иш алып барууга чакырышкан.

Ошол эле учурда тамак-ашты ата-энелерге жүктөп коюу колунда жок үй-бүлөлөрдүн укугун бузарын белгилешет. Себеби «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган «ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу» деген эреже бар экенин жүйө келтиришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM