Биз менен байланышыңыз

Казакстандын алты облусунда суу ташкындан улам жол кыймылы чектелди

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 140 | 0

Суу ташкынынан улам Казакстандын алты аймагында жол кыймылына чектөө киргизилгенин Informburo.kz сайты жазды.

Жалпы узундугу 5825 чакырым болгон тогуз тилкеде жолдорду суу каптады.

Кардын кескин эришине байланыштуу эл аралык жана республикалык маанидеги автожолдордо Акмола, Атырау, Костанай жана Түндүк Казакстан облустарынын тогуз участкасында жалпы узундугу 5825 чакырым болгон жолду суу каптаган.

Ал эми республикалык маанидеги 14 автожолду да суу каптаган. Алар алты аймакта: Актөбө, Акмоло, Атырау, Костанай, Мангистау жана Түндүк Казакстан облустарында узундугу 658 км болгон жолдо унаалардын кыймылына чектөө киргизилген.

Жолдорго 726 техника жана 1713 адам тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM