Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы эскертти.
Таштарды атайылап кулатуу иштери 15-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3886-чакырымы) жүргүзүлөт.
Мындан улам жол саат 09:00дөн 15:00гө чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылып турат.
Мындай иш-чара унаа жол тилкесиндеги таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.