10-апрелде Айт намазы мечиттерде окула тургандыктан мечитке келген жарандардын жана автоунаалардын саны көбөйүшү мүмкүн.
Буга байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан унааларды уруксат берилбеген жайларга токтотпоону, тоскоолдуктарды жаратпоону, мечиттердин жанында тыгын пайда кылбоону жол кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууну өтүнөт.
Мечитке жакын жашаган же унаа менен жүрүү зарылчылыгы болбогон адамдарды жол тыгынын болтурбоо үчүн жөө келүү сунушталды.