Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын президенти камактагы 426 кишиге ырайым берди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 329 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орозо айт майрамынын алдында камактагы адамдарга мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, жалпысынан 426 кишиге ырайым берилет. Алардын 135и негизги жазасын өтөөдөн толук бошотулса, 200ү жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулат. Мындан тышкары дагы 26 кишинин жазасы жеңилдетилип, 65 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат.

Ырайым алгандардын арасында 11 чет өлкөлүк, 60 жаштан ашкан 50 аял жана 13 эркек, 30 жашка чейинки курактагы 157 киши, анын ичинде эрезеге жете элек үч өспүрүм жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышканы үчүн соттолгон беш адам бар.

Өзбекстандын президенти жарлыкты аткаруунун алкагында жооптуу министрликтер менен мекемелерге ырайым кылынган жарандарды жакындарына кайтарып берүү, алардын жумушка тартылышына, сергек жашоо образын тандап, коомдо татыктуу ордун ээлөөсүнө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM