Биз менен байланышыңыз

Бишимбаевдин соту учурунда Берлинде акция өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 362 | 0

Аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталып жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин соту уланып жатканда Германиянын борбору Берлин шаарында фемицидге жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция өттү.

«Казакстанда, жалпы эле Борбор Азия аймагында зомбулук көйгөйү жаңы гана пайда болгон жок. Тилекке каршы, Салтанат Нукенованын өлүмү алгачкы жана акыркысы эмес. Акыркы жылдары зомбулукка кабылганын ачык айтууга батынгандар көбөйүүдө. Биздин өлкөдө уят деген түшүнүк бар, аялдардын көбү зомбулуктун курмандыгы болгонун ачык айтуудан тартынышат», – деди Euronews телеканалына маек берген Сымбат Серикова аттуу акциянын уюштуруучуларынын бири.

Акциянын катышуучулары казак, англис жана орус тилдериндеги жазууларды көтөрүп, «Урса – демек камалат», «Бишимбаев өмүр бою соттолсун» деп кыйкырышты. Алар Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук криминалдашпаганын белгилеп, экс-министрдин абактан кутулуп же аз гана мөөнөткө соттолушуна жол берилбеши керектигин билдиришти.

Берлиндеги акцияга катышкандардын арасында Кыргызстандын, Азербайжандын, Индиянын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Украинанын жана Түштүк Кореянын да өкүлдөрү болду.

Бишимбаевдин иши боюнча сот отуруму 9-апрелде да уланууда. Ал ютуб каналдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Экс-министр Куандык Бишимбаев 2023-жылдын 9-ноябрында кармалган. Андан соң Астанадагы ресторандардын биринде чыр чыгып, анын кесепетинен жаш келин алган жараатынан улам каза болгону маалымдалган.

Адегенде Бишимбаевдин иши “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча тергелип, кийинчерээк “Мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү” беренесине өзгөртүлгөн. Быйыл 16-январда шектүүгө дагы бир кылмыш беренеси — «Кыйноо» боюнча айып тагылган.

Экс-министр менен бирге анын тууганы Бахытжан Байжанов да айыпталууда, ага кылмышты жашырган жана билдирбеген деген айып тагылган.

Бишимбаевдин иши боюнча соттук процесс 27-мартта Астана шаарында башталган.

Маалыматтарга караганда, Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алууга күнөөлүү деп табылган. 2019-жылы президенттин ырайымы менен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM