Connect with us

Казакстан: Суу ташкындан 72 миң адам эвакуацияланды

Дүйнө | 9 Апр 2024 | 588 | 0

Казакстанда акыркы маалыматтар боюнча суу ташкындарынан бери 72 миң адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Казакстан дээрлик эки аптадан бери суу каптоонунун кесепеттерин жоюу менен алек болуп келет. Учурда өлкөнүн он облусунда – Абай, Акмола, Актөбө, Атырау, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан, Улуутау облустарында өзгөчө кырдаал жарыяланып, абал оор боюнча калууда. Расмий маалыматтарга караганда бул аймактардагы суу сактагычтар дээрлик толгон. Коңшу өлкөдөгү суу ташкынга байланыштуу Кыргызстан жана башка өлкөлөр гуманитардык жардам жөнөтүүдө.

Казакстан дээрлик эки жумадан бери суу ташкындын кесепетин жоюнун үстүндө иштөөдө. Акыркы маалыматтар боюнча суу ташкын болгон аймактардан 72 миң адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Алардын 16 миңге жакыны балдар экени жана эвакуацияланган жарандардын үчтөн бири гана атайын даярдалган баш паанектерде жашап жатканын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген.

7-апрелде Атырау облусуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

«Казгидрометтин» Атырау облусу боюнча филиалынын 8-апрелге карата берген маалыматына таянып «Азаттыктын» казак кызматы, Жайык дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп жатканын жазган.

Маалыматка караганда, гидрологиялык мониторингге ылайык, 8-апрель күнү эртең менен саат 8ге карата Жайык дарыясынын Индербор конушунда суунун деңгээли 44 сантиметрге, Махамбет конушунда 62 сантиметрге, Атырауда 20 сантиметрге чейин көтөрүлдү.

Расмий маалымат боюнча, Жылыой районунун борбору Кулсары шаарында 2600дөн ашык үйдү жана административдик имараттарды суу каптаган. Шаардан миңдеген адамдар эвакуацияланды.

Кулсары шаарын Жем дарыясы аркылуу каптап кеткендигине байланыштуу 8150 кап кум толтурулуп, 2200 метр коргоочу дамбалар бекитилген.

Актөбө облусунун Ыргыз районунун тургунун Сагат Орозов суунун деңгээли уламдан-улам көтөрүлүп жатканын жергиликтүү телеканалдардын бирине айтып берген.

«Таңкы саат 8ден баштап суунун деңгээли көтөрүлө баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келип тургундарды коопсуз жайга көчүрүп кетти. Биз үйлөргө суу кирбесин деп, капка кум салып, дамба кылдык. Кызматкерлерге таңкы 6га чейин ушул жерде болуп, жардам бердик».

Атырау шаарындагы кооптуу каналдардын бири Сокол дарыясына дамба курулуп жатканын жергиликтүү телеканалдар билдирди. Дамба куруп жаткан компаниянынын өкүлү Аскат Эсхалиев курулуш боюнча буларга токтолду.

«Узундугу 24 чакырым болгон дамба куруп жатабыз. Азыркы тапта 25тен ашуу техника менен күнү-түнү иштеп жатабыз. Бизге 20-апрелге чейин бүтүрүу тапшырмасы коюлган, биз болгон күч аракетибизди жумшап, ушул жума ичинде бүтүрүүнү пландап жатабыз».

Өткөн жуманын соңунда Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын элине 300 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырларды камтыган жүктү Өзгөчө кырдаалдар мининстринин орун басары Урматбек Шамырканов коштоп барды.

«Кыргыз элинин атынан Казак элине жардам кербенин алып келдик. Биз азыр 15 унаада 300 тонна гуманитардык жардам алып келдик. Дагы жардам керек болсо биз жардам берүүгө даярбыз».

Кыргызстандан барган гуманитардык жардам Атырау, Актөбе, Батыш Казкстан жана костанай шаарларына жөнөтүлдү.

7-апрелдеги маалымат боюнча жалпы Казакстанда 3686 жер үй, 557 короо жана 1822 дача жайлар суунун алдында калды. Бул көрүнүш Атырау, Актөбө, Акмоло, Кустанай, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Павлодар облусунда болууда.

Казакстандык активистер жана эксперттер мамлекет мындай кырдаалдын алдын алуу керектигин айтышууда.

Адистердин айтымында, өлкөнүн аймагын суу каптап кетишине жарым-жартылай табигый факторлор себеп болгон. Суу чарба лабораториясынын башчысы, гидролог Айсулу Турсынова күздөн бери аба ырайынын өзгөрүп турушу буга бирден бир себеп дейт. Быйыл кыш эрте келип, топурак кургай электе кар калың жаап, күн эрте жылыды.

«Анда дарыя каналдарынын ташкындап, чөгүп кетиши сыяктуу жөнөкөй факторлор бар. Ошентип, табигый каналдар эле эмес, арыктар менен дренаждык системалардын да суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү начарлап кеткен«,-деп айткан Турсынова жергиликтүү медиалардын бирине.

Айсулу Турсынованын айтымында, селдин алдын алууда каналдарды ачуу, көпүрөлөрдү таштандылардан тазалоо, дарыя жээктерин бекемдөө, карды өз убагында чыгаруу сыяктуу иштер маанилүү.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн жана акимдердин иш-аракетин шалаакылык жана кесипкөйлүктүн жоктугу үчүн кескин сынга алган.

Ал белгилегендей, өкмөт менен жергиликтүү аткаруу органдарынын ортосунда координация жок. Токаев жапа чеккен аймактардын тургундарынын жеке мүлкү ири өлчөмдө жоголгондугуна өкүнүчүн билдирди. Ал элден кечирим сурап, бардык жабырлануучуларга материалдык жардам көрсөтүлөөрүнө ишендирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM