Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Апрель ыңкылабынын 14 жылдыгына карата билдирүү жасады

Кыска кабар | 7 Апр 2024 | 96 | 0

Мурдагы президен Алмазбек Атамбаев Апрель ыңкылабынын 14 жылдыгына карата фейсбук баракчасына кайрылуу жарыялады.

Атамбаев Апрель ыңкылабын үй-бүлөлүк кланды өлкөдөн айдап чыгып, андан кийин бийликтин көп жылдан бери жүргүзгөн жарандардын укугун чектөө саясатын токтоткон күн экендигин билдирген.

«Эл өз укугуна ээ болгондон кийин, экономика, маданият, улуттук аң-сезимдин бекемделишине шарт түзүлгөн. Кыргыздар өз өлкөсү, маданияты, тарыхы менен сыймыктанып калышкан.

14 жылдын ичинде көп нерсе өзгөрдү. Бирок, кыргыз элинин Акыйкат менен Эркиндикти өз өмүрүнөн ыйык тутканы өзгөргөн жок. Муну унуткандар ар дайым катуу өкүнчү. Азыркы бийлик аны жакшы билет жана унутпайт деген үмүтүм бар. Конституцияда бекитилген укуктарды да ар бир жаран үчүн иш жүзүнө ашырууга бийликтин толук мүмкүнчүлүктөрү бар»,- деп жазган Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-20217-жылдар аралыгында башкарган. Ал 2019-жылдын 8-августунда атайын операция менен Кой-Таштагы үйүнд кармалган. Аны кармоо учурунда бир офицер каза болгон.

Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Ошол эле жылы 15-февралда дарылануу үчүн  Испанияга учуп кеткени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM