Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы өлкө боюнча текшерүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү документтери жок 872 миң литрден ашык күйүүчү-майлоочу материалдарды тартып алды.
Эсепке алынбаган күйүүчү майды сатууда аныкталган эреже бузуулар боюнча 2 млн 939 миң сом административдик айып салынды.
Салык кызматы мыйзамдарга ылайык чекене сатуу автомай куюучу станцияда автоматташтырылган башкаруу системасын жана контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен ишке ашырыла тургандыгын эскертет.
Ошондой эле мунай жана мунай заттарынын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө үчүн контролдук пломбалар жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонулат. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик айыптар каралган.