Биз менен байланышыңыз

Казакстан 9-майда аскердик парад өткөрүүдөн баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2024 | 388 | 0

Казакстандын Коргоо министрлиги быйыл 7-май –  Мекенди коргоочулар күнү жана 9-май –  Жеңиш күнүндө аскердик парад өткөрбөйт. Министрлик мунун себебин акча үнөмдөө жана башка көйгөйлөрдү чечүү менен түшүндүрдү.

Коргоо министрлиги Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жана мобилдүүлүгүн жогорку деңгээлде кармоону артыкчылыктуу багыт деп атады.

1-апрелде Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев коргоо министри Руслан Жаксылыковду кабыл алып, армиянын күжүрмөн даярдыгы тууралуу маалымат укканы кабарланган.

Коргоо министри Токаевге Куралдуу күчтөрдүн заманбап техника жана курал-жарак менен жабдылышы, Казакстандын Шанхай кызматташтык уюмуна жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалыгынын алкагында 2024-жылга пландаштырылган иш-чаралар, анын ичинде эл аралык машыгуулар тууралуу маалымат берди.

Казакстан бешинчи жыл катары менен Жеңиш парадын өткөргөн жок. Былтыр жана андан мурунку жылы да бийлик параддарды өткөрүүдөн баш тартууну “бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана башка приоритеттүү маселелерди чечүү зарылчылыгы” менен түшүндүргөн. 2020-2021-жылдары иш-чаралар COVID-19 пандемиясына байланыштуу токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM