Биз менен байланышыңыз

1-класска алууда экзамендерди уюштурган мектептер жазаланат

Билим-маданият , Коом | 5 Апр 2024 | 763 | 0

2024-2025 окуу жылына балдарды 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев 1-класска кирип жаткан баладан экзамен алган мектептер жоопко тартыларын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бир нече жылдан бери балдар автоматташтырылган система аркылуу кабыл алынат. Ата-энелер бул кызмат аркылуу баласын мектепке каттатуусу керек.

Негизги максат – балдарды мектепке кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтуу.

Муну менен катар ал мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге кабыл алуу жылдагыдай эле 1-класска 6 жана 7 жаштагы балдар кабыл алынарын белгиледи.

«Кабыл алуу былтыркы окуу жылында кандай кабыл алынса, быйыл дагы ошондой тартипте жүргүзүлөт. Биз 12 жылдык билим берүү системасына өткөнгө даярданып жатабыз. Бул этап-этабы менен жүргүзүлүүчү жумуш болгондуктан эч кандай адашуулар болбош керек. Бизде мурда нөлүнчү класстар 480 саат «Наристе» окуу программасы боюнча окутулуп келген. Быйыл деле 6 жашка чыккан балдар ошол программа боюнча окутула берет. Эгерде бала 7 жашка чыкса, анда ата-эне аны 1-класска каттатууга милдеттүү болуп саналат».

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча балдарды 1-класска электрондук каттоо жашаган жана катталган жери боюнча автоматташтырылган электрондук система боюнча кабыл алына берет.

Министрликтин Мектептик, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова быйыл дагы жылдагыдай эле 1-класска кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлөрүн билдирди.

Ошондой эле учурда ал балдарды 1-класска кабыл алуу акысыз экенин белгиледи.

«Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин, ал эми экинчи этап 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт. Биринчи этапта ата-эне баласын 1-класска юридикалык жашаган жери боюнча каттата алат. Бул биринчи кезекте баланын коопсуздугу үчүн маанилүү. Кайсы мектепка карай турганын mektep.edu.gov.kg порталынын «мектепти издөө» бөлүмүнөн билсе болот. Анда атанын, же эненин ПИН-номерин киргизүү аркылуу кайсы мектепке караштуулугун билүүгө мүмкүн болот. Ал эми экинчи этапта ата-эне жашаган жерине карабастан, кайсы мектепте орун бар болсо ошол мектепке каттата алат».

Министрликтин маалыматына ылайык, кабыл алуу тартиби былтыркыдай эле болот. Эгер бала 6 жашта болсо, анда ал даярдоо класстарында окуусун улантса болот, же ата-эне 1-класска берүүгө укугу бар.

Эгер бала окуу жылынын башталышында 7 жашка чыккан болсо, анда ата-эне аны 1-класска каттатууга милдеттүү.

Ал эми айрым учурда кандайдыр бир себептер менен бала 8 жашка чыгып, бирок 1-класска бара элек болсо, анда анын ата-энеси райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылышы керек. Алар өзүнүн комиссиялык чечими менен баланы 1-класска каттайт.

Аталган министрликке караштуу Санариптик транформация бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Шаршенбай уулу баланы 1-класска электрондук каттоодо ата-энелер алдын ала көңүл бурушу керек болгон маселелерге токтолду.

«Балдарды 1-класска каттоо системасы 8-апрелде саат 09:00дө ачылат. Бирок ага чейин ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталынан (портал 24 саат иштейт) ата-эне менен баланын ортосундагы туугандык байланышты жана жашаган жери боюнча кайсы мектепке карай турганын (биринчи этапка катышып жаткандар) текшерип коюшу керек. Эгер каттоо башталгандан кийин кирип, анан туугандык байланыш такталбай калса, анда кечигип калгандай шарт түзүлүп калат. Экинчиден, чет элдик жарандар Калкты тейлөө борборлорунан ата-энелер жана балага ПИН-номер алуу шарт. Бирок бул жарандар жашаган жери боюнча расмий каттоосу жок болсо, биринчи этапка катыша албайт, экинчи этапта гана баласын 1-класска каттата алат».

Былтыр балдарды 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталган. Анда дагы электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлгөн.

Ал эми 2024-2025 окуу жылына балдарды 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат.

  • биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин;
  • экинчи этап 3-июндан 30-августка чейин.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

Copyright © 2017 Maral FM