Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө кооптуу аймакта жашагандарга көчүү боюнча эскертилди

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 142 | 0

Ош облусунун Өзгөн районундагы кооптуу аймакта жашагандарга көчүү боюнча эскертүү берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, район аймагында азыркы учурда жер көчкү кооптуулугу бар аймактарда жашаган жалпы 1 миң 597 турак жай бар.

Аталган аймактын тургундарына жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы тарабынан кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, коопту аймактарда жашаган жарандарга ӨКМ тарабынан жыл сайын кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM