Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Сирияда Ирандын консулдугуна жасалган чабуулга байланыштуу тынчсыздануу билдирди

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 197 | 0

Тышкы иштер министрлиги Сириянын Дамаск шаарында жайгашкан Ирандын Консулдук мекемесине жасалган ракеталык чабуулга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

«Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат» , — деп айтылат билдирүүдө.

2-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын консулдугуна абадан сокку урулду. Алдын ала маалыматтар боюнча Иран Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун Сирия жана Ливан күчтөрүнүн генералы жана башчысы Мухаммад Риза Захидий каза болгону айтылды. Бул маалыматты Reuters Ливандын коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына таянып жазган.

Ирандын маалымат каражаттары окуя жеринде бир канча дипломат да каза болгонун билдирди. Ал эми «Тасним» агенттиги консулдукка жасалган соккуда 5 адам каза тапканын билдирди.

Ал ортодо Иран бийлиги бул кол салууга Израилди айыптады.

ХАМАС тобу 7-октябрда Израилге абадан сокку жасаганда, Сирия менен Иран ХАМАСтын аракетин колдогон.

Copyright © 2017 Maral FM