Биз менен байланышыңыз

Стамбулдагы турак үйдөн чыккан өрттөн 29 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 462 | 0
Сүрөт: Анадолу агенттиги

Түркиянын Стамбул шаарына караштуу Бешикташ районундагы турак жайда чыккан өрттөн кеминде 29 адам каза болгонун жергиликтүү бийликке таянып маалымат каражаттары жазды.

Буга чейин Стамбул провинциясынын губернатору Давут Гүл 25 адам каза болуп, дагы үчөө оор жараат менен ооруканада жатканын билдирген.

Губернатордун айтымында, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:47де Гайреттепе районундагы (Бешикташтын бир бөлүгү) 16 кабаттуу турак жайдын жер төлөсүндө чыккан.

Masquerade түнкү клубу жер төлөнүн эки кабатында жайгашкан, ал жерде оңдоо иштери жүрүп жаткан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун баары клубда иштеген курулушчулар.

Бийлик өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатат, өрткө тиешеси бар деп сегиз адам, анын ичинде мекеменин жетекчилиги да кармалганын түрк маалымат каражаттары кабарлашты.

Өткөн жекшембиде кайра шайланган Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу өрт болгон жерге келип, каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM