Биз менен байланышыңыз

Тайванда күчү 7,7 балга жеткен жер титирөө болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 1417 | 0

Бүгүн, 3-апрелдин таңында Тайвандын чыгыш жээгине жакын жерде үч жолу катары менен каттуу жер титирөө катталды. Анын кесепетинен бир нече имарат кыйрап, бир адам каза болуп, 50дөн ашуун жаран жабыркаганын РИА новости агенттиги Жапониянын метеорологиялык агенттигине таянып жазды.

Биринчи жер силкинүүнүн күчү 7,7 балга жеткен. Бишкек убактысы боюнча саат 5:58де катталган. Азырынча жер титирөөнүн очогу аныктала элек, болжолдуу суу астында «эң тайыз» жерде экени айтылууда.

15 мүнөттөн кийн күчү 6,6 баллга жеткен жер силкинүү кайталанган. Очогу суу астында экенин маалымдалган.

Бишкек убактысы боюнча саат 06:35те  күчү 6,3 баллга жеткен үчүнчү жолу жер титирөө катталган. Анын очогу 20 чакырым тереңдикте суу астында экени айтылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир адам каза болуп, 50дөн ашуун жаран жабыркаган, Хуалянь шаарында эки имарат урап түшкөн.

Соцтармактарда жарыяланган видеолордон ураган имараттарды көрүүгө болот. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, алардын биринде сегиз адам блокадага алынган. Интернет үзгүлтүккө учурады.

Жер силкинүү Жапониянын түштүгүндөгү Окинава префектурасында да сезилген. Жер титирөөдөн кийин Окинава аралдары, Мияко жана Яеяма аралдарында бийиктиги үч метрге жеткен цунами пайда болуу коркунучу бар экендиги айтылган, кийинчээрек жапониялык адистер коркунуч жок экениин кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM