Биз менен байланышыңыз

Мектептерде так илимдер боюнча мугалимдер жетишсиз

Билим-маданият , Коом | 1 Апр 2024 | 821 | 0

Өлкөнүн мектептеринде 650дөй мугалим жетишсиз. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерде көбүнчө табигый жана так илимдер боюнча мугалимдер аз экенин билдирди. Ал негизинен орус тилдүү мектептерде мугалимдер тартыш экенин белгиледи. Ал эми адистер мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги боюнча маселе жаңы эле пайда болбогонун айтышат. Алар бүгүнкү күндө тажрыйбалуу мугалимдер аз болуп жатканын, окуу жайлардан кесипкөй педагогдор даярдалбай жатканын белгилеп, коңгуроо кагышууда. Мамлекет бул көйгөйдү чечүү үчүн кандай кадамдарга барыш керек? 

Кыргызстанда мектептерде 650дөй мугалим жетишпейт. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева табигый жана так илимдер предметтери боюнча мугалимдер жетишсиз экенин билдирди.

«Кыргызстандын мектептеринде STEM предмети (табигый жана так илимдер) боюнча 650дөй мугалим жетишсиз. Көбүнчө орус тилдүү мектептерде мугалимдер тартыш. Айлык жогорулаганга чейин 3-4 миңге чейин мугалимдер жетишсиз болсо, азыр андай нерсе жок. Буга чейин STEM предметтери боюнча мугалимдердин маянасы 100%, калган предметтерде 80% көтөрүлгөн».

Адистер мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги боюнча маселе бир канча жылдан бери бар экенин айтышат.

Билим берүү маселелери боюнча адис Мырза Каримов мугалимдер айрыкча аймактарда жетишсиз экенин, жаш педагогдорго шарт түзүп, облустарга тартуу керектигин айтат.

Ошондой эле ал жаш мугалимдер үчүн сааттар аз бөлүнүп, жарыбаган айлык алышарын белгиледи.

«Айыл жергесинде айрыкча алыскы айылдарда шарттын жоктугу да буга себеп болууда. Мурдагыдай мугалимдерге атайын үй жай берилбей калган. Ошондой эле социалдык жактан да камкордук жок. Кээ бир жаш мугалимдер мектептерде иштегиси келсе дагы, аларга аз саат бөлүп берип коюшат. Тажрыйбаң жок деп басым кылышат. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү. Бирок тажрыйбасы аз мугалимдердин айлыктары баары бир аз болуп калат экен. Маянанын аздыгы, алыскы жерлерде шарттын жоктугу, жаш мугалимдерге жол ачып, аларды колдоп кеткен механизмдер жоктугу себеп болууда».

Улуттук статистка комитетинин өткөн жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда 116 миңге жакын педагог эки миллионго жакын баланы окутат. Ал эми мектеп мугалимдеринин 86%ын аялдар түзөт.

Статкомдун маалыматына таянсак, мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет. Шаардагы жана айылдагы мектеп мугалимдеринин жүгү да кыйла айырмаланат. Эгер шаар мектептеринде бир мугалимге орточо 21 окуучу туура келсе, айыл мектептеринде 15 окуучу туура келет.

Билим берүү маселелери боюнча дагы бир адис, педагог Саадат Сатарова мугалимдерди даярдоону мектептерден, окуу жайлардан баштоо керек деген ойдо.

Коомчулукта мугалимдердин баркы түшүп кеткени, бүтүрүүчүлөр мугалимдик кесипти тандабай жатканы да кадр таңкыстыгына алып келүүдө.

«Мугалимдерди даярдоону жогорку окуу жайлардан, керек болсо мектептерден башташ керек. Азыркы учурда бүтүрүүчү класстарга кирип, мугалимдикке ким тапшырат десе, эч ким баргысы келбейт. Бул нерсе мени аябай өкүндүрөт. Мугалим болом деген балдар чыкпайт. Окууну жакшы бүткөндөр мугалимдикке тапшырбайт. Себеби мугалимдердин айлыгы аз. Ата-энелер да үйдө мугалимдер жөнүндө жакшы сөз айтпайт. Мугалимдердин авторитетин көтөрүш керек».

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров мугалимдердин айлык акысы тууралуу маселе көтөргөн.

Депутат бир катар мектептердин мугалимдеринин айлык акысына анализ жасап, алар орточо айлык акыдан бир топ аз маяна алышарын изилдеп көргөнүн айтты. Абакиров мугалимдерге татыктуу маяна төлөп, билим деңгээлин көтөрмөйүнчө, алар берген билим күчтүү болбой турганын эскертти.

«Мен он чакты мектептеги мугалимдердин айлыктарын анализдеп чыктым. Мисалы, жаңы иштей баштаган, даражасы бакалавр болгон тил сабагынан берген жаш мугалимдер 14 миң 600 сом айлык алат экен. Математикадан окуткан мугалим 17 миң 128 сом, кыргыз-орус тилинен сабак берген стажы бар мугалимдер 17 миң сомдун тегерегинде айлык алышат, математикадан окуткан стажы барлар 18-19 миң сом алышат. Бул бир ставка.

Демек, мугалимдин айлыгы минималдуу эсептик кирешеден болгону 5-6 миң сомго көп болуп жатат. Кыргызстан боюнча орточо айлыктан 1,5 эсе аз болууда. Билим берүүнүн сапаты мугалимдин билим деңгээлинен жогору боло албайт. Ошондуктан күчтүү мугалимдерди алып, жакшы айлык төлөп бере албасак, сапат оңолбойт. 1,5 млн окуучуга 80 миңдей мугалим бар».

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда өлкөдөгү мугалимдердин билим деңгээлин текшерүү үчүн жалпы республикалык тестирлөө өтөт.

Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт. Былтыр 1-сентябрда мектеп босогосун 150 миңдей бала аттаган.

Copyright © 2017 Maral FM