Биз менен байланышыңыз

Астанада аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министрдин соту өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 363 | 0
Салтанат Нукенованын өлүмүнө шектелип жаткан мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев.

Астанада аялы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталган мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин соту өтүп жатат. Бүгүн соттук отурумдун үчүнчү күнү.

Сот отуруму сот арачылардын катышуусунда өтүп жатат, жалпысынан 12 сот арачы бар.

Экс-министр Куандык Бишимбаевдин кармалганы 2023-жылдын 9-ноябрында белгилүү болгон. Андан соң Астанадагы ресторандардын биринде чыр чыгып, анын кесепетинен жаш келин алган жараатынан улам каза болгону маалымдалган.

Адегенде Бишимбаевдин иши “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча тергелип, кийинчерээк “Мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү” беренесине өзгөртүлгөн. Быйыл 16-январда шектүүгө дагы бир кылмыш беренеси — «Кыйноо» боюнча айып тагылганы белгилүү болду.

Бишимбаев өзү күнөөсүн мойнуна алган эмес. Биринчи соттук отурумда ал окуя тууралуу өзүнүн версиясын айтууга мүмкүнчүлүк болбогонун айткан.

Экс-министр менен бирге анын тууганы Бахытжан Байжанов да айыпталууда, ага кылмышты жашырган жана билдирбеген деген айып тагылган. Соттук териштирүүдө ал байкоочу камералардагы видео жазууларды өчүрүүнү суранганын мойнуна алып, геолокацияны жашыруу үчүн Салтанат Нукенованын телефонун үйүнө алып кетүүнү суранган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM