Биз менен байланышыңыз

ДЦП, аутизм жана даун синдрому бар балдар МСЭКтен кайра өтпөйт

Ден соолук , Коом | 1 Апр 2024 | 801 | 0

ДЦП, аутизм жана даун синдрому бар балдар медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан кайра өтпөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында билдирди. Министр буга байланыштуу атайын долбоор иштелип чыкканын белгиледи. Ошондой эле ал учурда комиссиянын (МСЭК) ишин жакшыртуу боюнча реформа жүрүп жатканын айтты. Ал эми депутаттар медициналык-социалдык комиссиянын ишин сынга алып, тийиштүү деңгээлде милдеттерин аткарбай жатканын айтышты.

ДЦП, аутизм жана даун синдрому менен жабыркаган балдар медициналык-социалдык комиссиядан кайра өтүшү керек эмес. Буга байланыштуу долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө медициналык-социалдык комиссиянын ишин жакшыртуу боюнча реформа жүрүп жатат.

Ошондой эле ал жакын арада бул маселе Министрлер кабинетинин кароосуна киргизилерин белгиледи.

«ДЦП, аутизм жана даун синдрому бар менен жабыркаган балдар медициналык-социалдык комиссиядан 5 жылда бир өтүшөт. Учурда МСЭКтин ишин жакшыртуу боюнча реформа жүрүп жатат. Биз бул маселелерди карап чыктык, азыр кайсы диагноздор мөөнөтсүз болушу керектиги боюнча иштеп жатабыз. Жакында бул маселени Министрлер кабинетине киргизебиз».

Ушул жылы 19-мартта Министрлер кабинетинин алдындагы Майыптар боюнча кеңештин отуруму өткөн.

Анда майыптардын билим алуусундагы, ишке орношуусундагы, иштөөсүндөгү тоскоолдуктар талкууланып, майыптардын иш табуусун жеңилдеткен атайын портал ачылганы кабарланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов 2023-жылы парламенттин жыйынында мурдагы Эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаевага ДЦП, аутизм жана даун синдрому бар балдарды 3-5 жылда бир медициналык-социалдык комиссиядан өткөрүү зарылчылчыгы барбы деген суроо менен кайрылганын айтты.

Анда министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева жалган маалымат бергенин белгиледи.

Депутат буга чейин аталган диагнозу бар балдар боюнча бир канча жолу маселе көтөрүлүп, эч кандай майнап чыкпаганын кошумчалады.

«2023-жылы Жогорку Кеңештин жыйынында ДЦП, аутизм, даун синдрому менен жабыркаган балдарды 3-5 жылда бир комиссиядан өткөрүү зарылчылыгы барбы деген суроо болду. Анан сиздин ошол учурдагы орун басарыңыз токтомдун долбоору даяр экенин, балдарга бул синдромду төрөлгөндө эле беришет, кийин аны өткөрүүнүн кереги жок деп жооп берген. Бирок бул жалган маалымат болуп чыкты. Андай токтом жок жана даярдалган да эмес».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө аутист балдардын саны өсүүдө. 2021-жылы алар 174 болсо, 2022-жылы 242ге жетти. Азыркы тапта өлкөдө аутист балдар үчүн борборлор, бала бакчалар, мектептер жетишсиз. Муну менен катар мындай балдар менен иштешкен адистер да аз.

Эл өкүлү Шарапаткан Мажитова Медициналык-социалдык комиссиянын мурдагы жетекчилери майыптардын кызыкчылыгына каршы иштерди кылганын, депутаттар бул маселени дыкат караганын айтты.

Ал учурда аталган кызматтын жетекчилиги алмашып, туура багытта иш алып барат деген ишеничте.

«Биздин эң аярлуу топ болгон майыптардын статусун берүүчү Медициналык-социалдык экспертизалык комиссиянын иши боюнча каралып жатат. Бул маселени бир жыл мурун комитетте да караганбыз. Азыр жетекчилик, кызматкерлер алмашты. Жаңылар келишти. Буга чейинки кызматкерлер структураны майыптардын кызыкчылыктарына каршы түзүп, майыптар үчүн өтө оор шарттарды жараткан».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө майыптыгы бар жарандардын саны 213 миңден ашты.

Анын ичинде 18 жашка чейинки балдардын саны 37 миңден көп. Бул көрсөткүчтөр жыл сайын өсүүдө.

Министрлик билдиргендей, ден соолугунан улам Саламаттык сактоо уюмдарынын көрсөтмөсүн алган бул жарандар Медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан күбөлөндүрүүдөн өтүп, майыптуулук статусун алышат.

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын директору Салтанат Мамажусупова адамды майып деп таануу боюнча долбоор иштелип жатканын билдирди. Ал жакында коомдук талкууга коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM