Биз менен байланышыңыз

Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Без рубрики , Кыска кабар | 31 Мар 2024 | 113 | 0

1-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, 0…-2, күндүз 11…16,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6,-1…-3, күндүз 10…15,

Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 6…11,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 14…16 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM