Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы салынган аялдаманы талкалап кетишти

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 98 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы салынган аялдамалардын бири талкаланганын кабарлады. Эшиги күч менен ачылып, айнеги сындырылган.

Аялдама Чүй проспектиси жана Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан. Укук коргоо органдары учурда окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Буга чейин Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан мурда белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгы уурдап кетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM