Биз менен байланышыңыз

Москвадагы кол салууда каза болгондордун саны 143кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 224 | 0

Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун кесепетинен каза болгондордун саны 143 кишиге, жараат алгандардын саны 360ка жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Окуя болгон жерде тергөөчүлөр жана соттук-медициналык эксперттер иликтөө иштерин улантышууда. Акыркы соттук-медициналык инструменттердин жардамы менен аймак изилденип, тергөөгө тиешелүү материалдык далилдер алынган.

22-март күнү кечинде Москвадагы Crocus City концерт залында атышуу болуп, өрт чыккан. Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Кылмышка айыпалгандар кармалган. Алар Тажикстандын жарандары болуп чыккан. Өлкө президенти Владимир Путиндин айтымында, бул иш боюнча жалпысынан 11 адам кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM