Биз менен байланышыңыз

Матраимов камакка алынды. Саясат талдоочулар эмне дейт?

Саясат | 28 Мар 2024 | 755 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Баку шаарынан кармалып, Бишкекке жеткирилди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 27-мартта маалымат таратып, аны менен кошо үч бир тууганы да кармалганын кабарлады. Сот бүгүн анын баш коргоо чарасын карап, аны 26-апрелге чейин камакта калтырды.

Быйыл январда Райымбек Матраимовго издөө жарыяланган. Атайын кызмат Райымбек Матраимовго 2021-жылы «коррупция» беренеси менен иш козгогон. Бул иш боюнча сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген. Матраимов да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төгүп берген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин «Матраимов мафиясы» болбой турганын эскерткен.

Талдоочулар Матраимовдун кармалышынан кийин бийликтин бул аракетин баалап, чет жакта качып жүргөн башка дагы саясатчыларды алып келүүгө күчү жетерин айтышууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен, мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн деп билдирди.

Райымбек Матраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча иш тергелип жатат.

Кыргызстанда Райымбек Матраимовдун кармалышы кызуу талкууланууда. Элдин басымдуу бөлүгү бийликтин бул аракетин оң баалоодо.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай бийлик Райымбек Матраимовду кармоо менен эл алдында берген убадаларын аткарууга аракет кылып жатат деп баалады.

«Матраимовдун кармалуусу эки нерседен кабар берет. Биринчиси, бийликтин эл алдында берген убадаларын аткарып жатканына болгон аракети деп бааласак болот. Экинчиси, Матраимовго тиешеси бар делген коомдогу таасирдүү кишилерге кандай чара көрүлөт? Себеби Матраимов менен жакын ымалада болгон маданият чөйрөсүндө эмгектенгендер, буга чейин кеткен депутаттардан да сырткары дагы үч, төрт депутат бар. Коомчулук, бийликти сындап жүргөндөр да, мактап жүргөндөр да аларга кандай чара көрүлөт, аягына чейин чыгабы деп күтүп жатат». 

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду Баку шаарында кармап, Бишкекке 26-мартта жеткирди.

Ошондой эле аны менен бирге Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинди.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, аны 26-апрелге чейин камакта калтырды.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Райымбек Матраимовдун кармалуусу күтүлгөн эле окуя экенин айтат.

«Матраимовго каршы күрөш акыркы эки, үч айда катуу жүрүп жатты. Аны менен катышы бар делген депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынды. Ошондой эле Райымбек Матраимовду кармоо буга чейин эле күтүлгөн окуя болчу, бирок качан болоору, Матраимов табылабы же чет өлкөдө жашап калабы деген күмөндүү суроолор бар элею Бирок кармап келишти, бул өлкө үчүн чоң окуя болду». 

Буга чейин “Регион” телеканалы “Райымбек Матраимовко тиешеси барлар четинен кызматтан алынат. Тизмеде кимдер бар?” деген материал даярдап, анда бир нече депутаттын аты аталган. Материал чыккандан кийин аты аталган депутаттар журналисттерге Матраимов менен эч кандай байланышы жок экендигин айтышкан.

Райымбек Матраимовко издөө жарыялангандан кийин бир нече депутат өз каалоосу менен арыз жазып, мандатын тапшырган. Алардын арасында Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимовда бар.

Ал эми дагы бир саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Матраимовго тиешеси бар делгендерди толук аныктап, канчалык байланышы бар экендигине баа берилиши керек деген ойдо.

«Матраимов менен байланышы бар делген жарандардын канчалык байланышы бар экендигин аныктоо керек. Биринчиси, ар кандай иш-чараларда, той-мааракелерде чогуу отурган же чогуу баргандар. Экинчиси, шайлоорлордо, башка учурлдарда акча алып кызматташкандар. Ал эми үчүнчүсү, каралар менен кызматташып, ар кандай жемкордуктарды уюштургандар. Ушундай кылып аныктап, андан кийин канчалык тиешеси, байланышы болгонуна карап чара көрүлүшү керек».

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө мындан ары Матраимовдун “мафиясы” деген болбойт деп эскерткен.

«Ачык эле айтыш керек, ушуга чейин көптөгөн шайлоолордо, мамлекеттик иштерде ошолордун акчасына берилип кеткендер болгон, анын арасында УКМКнын кызматкерлери да бар. Ошол каражаттардын негизинде аларга кызмат көрсөтүп жүргөндөр бар. Биздин мамлекетте мындан ары Көлбаевдин, Райым Матраимовдун мафиясы болбойт. Мамлекетибиз таза, мыйзамдуу, стабилдүү, тынч заманда жашашы керек. Өлкөдө кимдер жакшы жашашы керек? Өз эмгеги менен кызмат кылган ишкерлер, карапайым адамдар, мамлекеттик кызматкерлер жакшы жашашы керек, биз ошолорго шарт түзүшүбүз керек» , — деди Камчыбек Ташиев.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Ташиевдин сөзүн улай, Матраимовду камоо менен анын “мафиясы” жок болушу мүмкүндүгүн айтат.

«Менимче, жок кыла алат. Бийликтин дарамети, күчү жетиштүү жок кылууга жетет. Эгерде ошондой чечкиндүүлүк бар болсо. Ал эми канчалык толук кандуу бар же жок айтуу кыйын. Бирок  кече кармап келип, камакка алгандан кийин элдин басымдуу бөлүгү ишенди. Менимче, бийлик аларга каршы күрөшүүгө толук бел байлады».

Атайын кызмат 2021-жылы Райымбек Матраимовго «коррупция» беренеси менен иш козгогон. Бул иш боюнча сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген. Матраимов да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төгүп берген.

Андан кийин ага тиешеси бар делген Ош, Бишкектеги обьектилер аныкталып, малекетке өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM