Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти Кытайга барат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 233 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-29-мартта Кытайга иш сапары менен барып, Боао-Азия форумунун жыйынына катышат. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Казак президенти Кытай жетекчилигинин, эл аралык уюмдардын жана ири бизнес компаниялардын башчылары менен жолугушууларды өткөрөт.

«Азия Давосу» деп да аталган жыл сайын өтө турган Боао- Азия форуму 26-мартта башталып, төрт күнгө созулушу күтүлүүдө.

Жолугушуу Кытайдын Хайнань провинциясындагы Боао курорттук шаарында өтөт. Быйыл форум 22-ирет өтүп жатат.

Маалыматтарга караганда, Орусия форумга вице-премьер-министр деңгээлинде катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM