Биз менен байланышыңыз

Казакстан мунай маселеси боюнча Орусия жана Украина менен сүйлөшүү өткөрүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 229 | 0

Казакстан Орусия жана Украина менен Каспий куур консорциумунун коопсуз иштешин камсыздоо маселеси боюнча кеңешмелерди өткөрүүдө.

Бул тууралуу Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев 26-мартта өкмөттүн брифингинде билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

«Эл аралык, анын ичинде европалык керектөөчүлөр биринчи кезекте бул куурдун туруктуу иштешине кызыкдар. Биз Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери жана Орусиядан келген кесиптештерибиз менен газ куурунун туруктуу иштешин камсыздоо маселеси боюнча байланыштабыз. Тиешелүү кеңешмелер украин тарап менен да дипломатиялык каналдар аркылуу уланууда», — деди Саткалиев.

22-мартта Financial Times өз булактарына таянып, Вашингтон Украинаны Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына чабуул жасоону токтотууга чакырып, казак мунайын Европага жеткирип жаткан Каспий куур консорциуму зыянга учурашы мүмкүн экенин белгилеген.

Ошол эле күнү Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк “Дождь” телеканалына Вашингтондун чабуулду токтотуу талабы тууралуу маалыматын четке какты.

Украинанын Европа жана евро атлантикалык интеграция боюнча вице-премьер-министри Ольга Стефанишина кийинчерээк орус мунай иштетүүчү заводдору Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн легитимдүү бутасы экенин билдирди.

Европага сатылган казак мунайынын 80 пайызы Каспий куурунан өтүп, Орусиянын аймагы аркылуу ташылат.

2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан жана андан кийин Каспий кууру аркылуу мунай жеткирүү бир нече жолу токтотулган. Буга байланыштуу Астана экспорттук каттамдарды диверсификациялоого жана Орусияны айланып өтүүчү Транс-Каспий коридорун өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM