Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө эл аралык деңгээлдеги операциялар жасала баштады

Ден соолук , Коом | 26 Мар 2024 | 953 | 0

Бүгүн Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк-кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн сатып алынган заманбап жабдуулар тапшырылды. Борборго эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы премиум класстагы «Азурион 7» ангиографиялык аппараты орнотулду. Аталган аппарат өлкөгө биринчи жолу келди. Жалпы суммасы 1,5 млн долларды түзгөн бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу аркылуу ишке ашырылды. Андагы операциялар акысыз жасалат.

Борбор калаадагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна заманбап жабдуулар тапшырылды.

Бүгүнкү күндөн тарта аталган ооруканада заманбап жабдыктар менен эл аралык деңгээлдеги операциялар жасала баштайт.

Алгачкы бейтап Ибраим Такырбашев буга чейин бир канча жолу дарыланып, бирок андан майнап чыккан эмес.

«Ооруканага барып, экого түшүп ооруганымды билдим. Буга чейи дары ичип дарылангам. Ал жардам берген жок. Жеке клиникаларга да бардым, жакшы болгон жок. Андан кийин бул жакты угуп, ушул жакка келдим».

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борборго эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы премиум класстагы «Азурион 7» ангиографиялык аппараты орнотулганын билдирди.

Ал заманбап жабдыктар менен мындан ары жылына 3000ден 5000ге чейин түрдүү операция жасаларын белгиледи.

Ошондой эле жаңы жабдыктарды колдонуу боюнча дарыгерлер да окутуудан өтүп жатканын айтты.

Аталган жабдык өлкөдө бир гана Улуттук кардиология жана терапия борборунда бар.

«Бул азыркы учурдагы дүйнөдөгү заманбап аппараттардын бири. Жалпы суммасы 1,5 млн долларды түзгөн бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу аркылуу ишке ашырылды. Андагы операциялар акысыз жасалат. Бул аппарат менен бардык процесстерди кылса болот. Кичинекей тамырлардан баштап, жүрөктүн, ички органдардын тамырлары, баштын да тамырларын көрүп, андагы өзгөрүүлөрдү көрүп, ал жерлерди операция кылууга жардам берет. Ага бул аппараттын күчү жетет. Буга чейин инсульт болгондо артерияларда тромп болсо, кайсы жерде тромп болуп жатканын биздин аппараттар менен көрүп, аларга жеткен жабдыктар жок болчу».

Кытайдын, Орусиянын жана Казакстандын алдыңкы дарыгерлери Кыргызстанга келген, алар жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган жарандарга уникалдуу операцияларды жасаары пландалууда.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны жогору болуп жатканын, ошол себептен заманбап технологияларды жана инновацияларды киргизүү менен медицина тармагын өнүктүрүү мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.

Ооруканада эл аралык деңгээлдеги жогорку технологиялык эксперттик борбор түзүлдү. Ал үчүн бардык шарттар бар.

«Алдыңкы технологиялар келди. Жүрөктү, төш сөөктү кеспей, кан тамырлар аркылуу жасай турган операциялар болот. Ушул жылы Кытайдан келген кесиптештер менен дүйнө жүзүндөгү алдыңкы операцияларды жасаганга биз даярбыз. Биздин борбор бүгүнкү күндөн баштап тарыхында жаңы баракча ачылып жатат. Анткени биздин борбордо эл аралык деңгээлдеги жогорку технологиялык эксперттик борбор түзүлдү десек болот. Ошого бардык шарттар түзүлдү».

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда биринчи жолу аорта клапанын транскатетердик имплантациялоо боюнча мастер-класс өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, мастер-класс Кытай, Орусия жана Казакстандын алдыңкы адистеринин колдоосу менен өткөрүлөт.

Аорта клапанын транскатетердик имплантациялоо (TAVI) ачык хирургиясыз минималдуу инвазивдүү процедура. Аорта клапанын алмаштырууда жүрөккө жетүү үчүн хирург бейтаптын көкүрөгүнө кеспейт. Операция кан тамырга киргизилген катетер аркылуу гана жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM