Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трамптын соту 15-апрелге белгиленди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 238 | 0

АКШнын мурдагы президенти «Республикачылар» партиясынан президенттикке талапкер Дональд Трампка каршы козголгон кылмыш иши боюнча сот 15-апрелде башталат.

Мындай чечимди 25-мартта Нью-Йорк штатынын Жогорку сотунун судьясы Хуан Мерчан кабыл алды. Ал Дональд Трампты 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү үчүн чогултулган каражатты мыйзамсыз короткон деп айыптаган ишти карайт.

15-февралда Нью-Йоркто Манхэттендин кылмыш соту Трамптын каржылык алдамчылык боюнча ишин токтотуу өтүнүчүн четке каккан.

Тергөө Трамп 2016-жылдагы шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн ага адвокаты аркылуу 130 миң доллар бергенин, бирок аны жактоочунун юридикалык кызматы катары каттаганын, Нью-Йорк штатында бул мыйзам бузуу деп эсептелерин билдирүүдө.

2018-жылы Трамптын адвокаты Майкл Коэн бул иш боюнча үч жылга абакка кесилген. Трамп ал кезде мамлекет башчысы болуп тургандыктан ага айып тагылган эмес.

Экс-президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып эч кандай кылмыш кылбаганын айткан.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка жалпысынан төрт иш козголгон.

Быйыл күзүндө АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM