Биз менен байланышыңыз

Мал жана үй канаттуулары кайра саналып чыгат

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 213 | 0

Министрлер кабинети 2025-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Каттоонун негизги максаты — эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу.

Айыл чарба каттоосу 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрга чейин жүрөт, мал жана үй канаттуулары кайра саналып чыгат.

Быйыл 1-20-ноябрда Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо аймагында (Гүлбахор, Кичик-Алай, Күндөлүк, Майдан-Тал, Миң-Теке, Сары-Булак, Чогом айылдары) Чек-Абад (Кочубаев, Агроном, Жакшылык, Жар-Кышлак, Кукалапаш, Максим-Тобу, Пахтачы, Төлөйкөн айылдары), Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Краснореченский (Красная Речка айылы) жана Милянфан (Милянфан айылы) айыл аймактарында сыноо катарында каттоону өткөрүү пландалууда.

Айыл чарбасын каттоону субъекттери болуп окуу жайлардын, өнөр жай, транспорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчү чарбалары, дыйкан чарбалары, айыл чарба өндүрүшүн жүргүзгөн жеке ишкерлердин чарбалары жана жеке көмөкчү чарбалары саналат. Айыл чарба каттоосу жерди пайдалануу бөлүмү боюнча документтик далилдер менен жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM