Биз менен байланышыңыз

БУУ Газадагы ок атууну токтотуу резолюциясын кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 158 | 0

БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.

25-мартта кабыл алынган резолюция БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү тарабынан сунушталды. Анда ок атууну токтотуу ошондой эле барымтадагыларды токтоосуз жана шартсыз бошотууга чакырат.

Айрыкча, АКШ бийлиги Газада жай тургундардын өлүмү көп катталып жатканынан улам Израилди сынга алды. Газа тилкесинин Хамас көзөмөлдөгөн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Газада согуш башталгандан бери 32 миңден ашуун адам набыт болду, алардын көбү аялдар жана балдар.

АКШ ошондой эле Израилди Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коридор ачууга чакырды, анткени тилкенин бүтүндөй калкы ачарчылыкка дуушар болууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Израилди Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө тоскоолдук кылууда деп айыптады. Бирок Израилдин бийлиги БУУнун агенттиктери азык-түлүк бөлүштүрүүнү камсыздай албаганын айтууда.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM