Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктардын Москванын аэропортунда камалып турушканы айтылды

Кыска кабар | 24 Мар 2024 | 333 | 0

Кыргызстандан барган мигранттар эки күндөн бери Орусиянын аэропортторунда камалып турушат. Маалыматты Москванын «Шереметьево» аэропортундагы кыргыздардын бири билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Ал «Азаттыкка» кечээ саат 18:40та аэропортко келишкенин, ал жактан паспортторун жыйнап алып, өздөрүн бир бөлмөгө камап коюшканын айтып берген.

«Телефондорубузду төрт сааттап текшерип, бербей кыйнашты. Бармагыбыздын мөөрүн алып, сөгүп-сагып, мажбурлап жатып, кандайдыр бир кагаздарга кол койдурушту. Бир суткадан бери ачка отурабыз. Эч нерсе берген жок, жадагалса суу беришпеди. Кылмышкердей кылып бир бөлмөгө камап салган. Бир бөлмөдө ондон ашуун кыргыз отурабыз, башка бөлмөлөрдө да бар», — деген кыргыз жараны.

Дагы бир маалыматка караганда, артка учуп кеткендер да болуп, билет баасы 60 миң сомго чыгып кеткен. Аэропорттордо канча кыргызстандык кармалып турганы так айтыла элек.

22-марттын кечинде Москвадагы «Крокус сити холл» концерттик залына куралчан топ кирип, элге ок жаадырган. Теракттан 133 адам каза таап, 114 адам жаракат алганын Орусиянын органдары кабарлады.

Буга байланыштуу Орусиянын күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүшүп, өлкөгө бир катар коопсуздук чаралары киргизилген. Мигранттарды текшерүүлөр, кысымга алуулар күчөй турганы айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM