Биз менен байланышыңыз

Израил армиясы гумжардам күткөн палестиндерге кол салып, 19 адам окко учту

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2024 | 154 | 0

Израилдин Газанын түштүк-чыгышында жардам күткөн жарандарга кол салуусунан кеминде 19 палестиналык окко учканын Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

23-мартта Газанын медиа кеңсеси: «Миңдеген жаран Аль-Кувейт айланмасынын жанында гуманитардык жардам күтүп жатышкан. Израиль аскерлери кыргын жасап, жай тургундарды пулемёт менен аткылап, 19 кишини өлтүрүп, 23 карапайым адамды жарадар кылды», — деген билдирүү таратты.

Газадагы Жарандык коргонуу департаментинин басма сөз катчысы Махмуд Басал жай тургундарга кол салуу катуу болгонун, жабыркагандар жакын жердеги «Ахли Араб» ооруканасына жеткирилгенин айтты. Бирок Газанын ооруканасы ага чейин эле талкаланып калгандыктан, жаракат алгандардын көбүн сырттан дарылоого мажбур болушкан.

7-октябрдан бери Израилдин Газага чабуулунан кеминде 32 миң 142 палестин набыт болуп, 74 миң 412 палестин жараат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM