Биз менен байланышыңыз

«Талас» аймактык аэропорту ишке берилүүгө даяр

Кыска кабар | 22 Мар 2024 | 127 | 0

«Талас» аймактык аэропорту ишке берилүүгө даяр экенин “Манас” эл аралык аэропортунун” басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунун директору Манасбек Самидиновдун айтымында,  «Талас» аймактык аэропортунун жаңы курулган аэробекети саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат. Аэробекеттин учуп келүү, учуп кетүү залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө баардык шарттары менен толук кандуу жасалды, ошондой эле эне-бала бөлмөсү да бар.

«Жарандык авиациясынан сертификаттар алынды, текшерүүдөн өттү. Учурда жүргүнчүлөрдү жана учактарды «Талас» аэропорту кабыл алууга толук кандуу даяр деп баса белгилеп айтууга болот. Бирок бүгүнкү күндө өлкө аймагында каттамдарды аткарып жаткан «Тез Жет» авиа компаниясынын учактары жетишпегендиктен, бул багытка каттамды ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан «Манас» эл аралык аэропорту» ААК былтыр сатып алган «Dash-8-400» үлгүсүндөгү учактар ушул жылдын май айында келээри менен «МЭА» ААКтын туунду компаниясы «Асман Эйрлайнс» — өлкө ичинде курулган баардык аймактык аэропортторго каттамдарды ачып, элибизге кызмат кылып баштайт»-, дейт Самидинов.

«Талас» аэропортуна 2023-жылдын 15-июнунда капсула салынып, учуп-конуу тилкеси курулуп башталган. Аэропорту деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте орун алган. Саатына 100 жүргүнчүнү тейлей алат жана ички каттамдарды аткарууга багытталган. Учуп-конуу тилкеси Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана тик учактардын баардык түрлөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM