Биз менен байланышыңыз

УКМК: 20 миң доллар пара талап кылган Салык кызматынын инспектору кармалды

Кыска кабар | 22 Мар 2024 | 107 | 0

20 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы менен Салык кызматынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

«Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери Ж.Б.Ж. ишкерлердин биринен салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутуу жолу аркылуу 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген»-, деп айтылат маалыматта.

Ал 19-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын аймагында беш миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалган.

Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM