Биз менен байланышыңыз

Бишкекте нөшөрлүү жаандан кийин айрым турак үйлөрдү суу каптады

Без рубрики | 22 Мар 2024 | 54 | 0
Суу каптаган үйдү тазалоо иштери. 22-март, Арча-Бешик конушу.

Бишкек шаарында айрым турак үйлөрдүн короосун жана жер төлөөсүн суу каптады. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 21-марттан 22-мартка караган түнү нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен Манка-Жар коктусундагы селтосмодон суу ашып, Арча-Бешик конушунун айрым көчөлөрүндөгү турак үйлөрдү суу каптаган.

Ошондой эле Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндөгү айрым үйлөрдүн да короосун суу каптанган.

Тактоо иштеринин натыйжасында, Арча-Бешик конушунун Азем көчөсүндөгү алты, Кара-Кужур көчөсүндөгү 14 үйдү, Жайыл баатыр көчөсүндөгү төрт, Шербет көчөсүндөгү сегиз үйдү суу каптаган.

Түнү менен таштандыга толуп калган дренаж каналдар тазаланып, турак жайлардын короолоруна кирген суулар сордурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM