Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаш балдардын порнографиялык видеосун тараткан сайт аныкталды

Кыска кабар | 22 Мар 2024 | 160 | 0

Кыргызстанда жаш балдардын порнографиялык материалдарын тараткан сайт аныкталды. Шектүү катары 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Бул фактыны Кыргызстандын Ички иштер министрлигиндеги Интерполдун Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте Нидерланддын жана Норвегиянын полициясынын көмөгү менен аныкталган.

«Балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактоо жана жайылтуу фактылары ачык түрдө веб-сайтта жана даркнетте аныкталган. Ошондой эле балдар катышкан порнографиялык мазмундагы сайттар түзүлүп, таратылып жаткан. Сайттарга кирүү үчүн криптовалюта менен төлөп, накталай акча алуу Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен ишке ашып турган«, — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 162-беренеси (баланы порнобизнеске тартуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM