Connect with us

Бүгүн өлкө аймагында жер силкинди

Кыска кабар | 22 Мар 2024 | 257 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 9:47де Тажикистандын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын аймагында жер силкинүү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым түштүктө, Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жыл башынан бери өлкө аймагында бир канча жолу жер силкинген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM