Биз менен байланышыңыз

Бишкекте чуңкурларды жамоо иши уланууда

Кыска кабар | 22 Мар 2024 | 115 | 0

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Бишкектеги жолдордун чуңкурларын жамоо иштерин улантып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, Дэн Сяопин проспектисинин Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинин Фучика көчөсүнөн Павлова көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолду жамоо иши жүрүп жатат.

Буга чейин Чүй проспектиси менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсү менен Малдыбаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Байтик-Баатыр көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнөн Масалиевге чейин, Абдрахманов көчөсү менен Л. Толстой көчөсүнө Жибек-Жолуна чейин жана Эркиндик бульвары боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзеге чейинки чуңкурлар жамалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM