Биз менен байланышыңыз

АКШ соту Техас бийлигине мигранттарды кармоого уруксат берген мыйзамды бөгөттөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2024 | 295 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

АКШда апелляциялык сот Техас бийлигине документи жок мигранттарды камакка алып, депортациялоого уруксат берген мыйзамды бөгөттөдү.

Ага чейин бир нече саат мурун АКШнын Жогорку Соту Техас штатынын бийлигине Мексиканын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген адамдарды кармап, жоопко тартууга мүмкүндүк берген.

BBC орус кызматынын 20-марттагы маалыматына караганда, Ак үй бул мыйзамды Конституцияга каршы келет деп атады.

Учурда АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү федералдык кылмыш болуп саналат, бирок иштер адатта, иммиграция сотторунда жарандык мыйзамдарга ылайык каралат.

Техастагы SB4 деп аталган мыйзамдын талаштуу себептеринин бири: соттор буга чейин өлкөнүн иммиграция мыйзамдарын жеке штаттар эмес, федералдык өкмөт гана аткара алат деп чечкен.

*Миграцияга каршы мыйзам жергиликтүү полицияга чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген адамдарды токтотууга жана камакка алууга укук берет. Жаза катары эркинен ажыратуу же 2000 долларга чейин айып салуу кирет.

Америка Кошмо Штаттарынан депортациялангандан кийин Техас штатына мыйзамсыз киргендер үчүн жаза өтө катаал болот — жарандын иммиграциялык тарыхына жана ар кандай кылмыштарына жараша 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы бул чечимди кескин сынга алды. Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер билдирүүсүндө:

«SB4 Техастагы жамааттарды гана коопсуз кылбастан, ал укук коргоо органдарына оорчулук келтирип, түштүк чек арабызда башаламандык жаратат«, — деп айтты.

Ошол эле учурда Техас штатынын прокурору Кен Пакстон Жогорку Соттун чечимин Байдендин администрациясына жана Американын жарандык эркиндиктер биримдигине (ACLU) каршы «чоң жеңиш» деп атады.

ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, Мексиканын Тышкы иштер министрлиги мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого багытталган SB4 мыйзамын сынга алды.

«Тышкы иштер министрлиги Техастагы миграцияга каршы мыйзамдын күчүнө киришин айыптайт, анын максаты мигранттардын агымын кылмыштуулукка тартуу, үй-бүлөнүн бөлүнүшүнө, дискриминацияга жана мигранттардын укуктарын бузган расалык зордук-зомбулукка көмөктөшүү болуп саналат», — деп айтылат Тышкы иштер миниcтрлигинин билдирүүсүндө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM