Биз менен байланышыңыз

Аралыктан шайлоо ситемасы киргизилет. Ал канчалык натыйжалуу болот?

Коом , Саясат | 20 Мар 2024 | 946 | 0

Кыргызстанга аралыктан шайлоо системасы киргизилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөнүн жарандары дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, шайлоо учурунда өз добушун бере алат. Аралыктан шайлоо системасы аркылуу чет жерде жүргөн мигранттардын шайлоо укугу сакталат. Ошондой эле шайлоочулардын катышы көп болуп, таза шайлоо өткөрүүгө жол ачылары күтүлүүдө. Айрым депутаттар бул системаны кылдат иштеп чыгуу зарыл десе, айрым эксперттер бул системага ишеним жок деген пикирде.

Башка аймакта жүргөн жаран алдын ала каттоодон өтүп, андан соң шайлоо укугун алат. Электрондук добуш берүү пилоттук режими былтыр апрель айында, жергиликтүү кеңешти шайлоо учурунда сыналган. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, каттоодон өткөндөрдүн 85%ы добуш берип, жараян ийгиликтүү өткөн. Мындан улам БШК электрондук добуш берүү ситемасын киргизүүнү пландап жатат.

«Бул долбоорду пилоттук түрдө киргизип жатканыбыздын себеби, көпчүлүккө маалым болгондой, мурда шайлоочунун укугун камсыздоо максатында «Форма-2» киргизилип, ал добуштарды сатып алууу ыкмасына өтүп кеткен. Ошондой эле бизде жарандар жалпы сандан 30-35% эле адам катышып жатат. Аралыктан добуш берүү системасы ишке кирсе, бул көйгөйлөр жок болот. Хакерлер кирип, өзгөртүп жибербеши үчүн, коопсуздук чаралары көрүлүп, кылдат каралып, анан ишке кирет. Демилгени ишке ашыруу үчүн бизге көп каражат талап кылынат».

Саясат талдоочу Турат Акимовдун айтымында, электрондук добуш берүү күмөн шайлоо болуп калат. Себеби электрондук добушту башкарган тарап өзүнүн кызыкчылыгындагыдай өткөрүп коюшу ыктымал. Ал муну Украинанын мисалында айтып берди.

«Электрондук жол менен добуш берүү ишке ашса, ишеними жок болуп калат. Себеби ушундай эле көрүнүш азыр Украинада болуп жатат. Аталган өлкөнүн президенти шайлоону электрондук кылып өткөрүүнү көздөөдө. Бирок көпчүлүк ага каршылык көрсөтүүдө. Себеби серверди ким башкарса, ошол киши өтүп кетет. Демек, «бул учурда Зеленский өзү кайра шайланып калат» деп жатышат. Ал эми бизде дал ушундай көрүнүш кайталанышы мүмкүн. Мындан үч жыл мурун дал ушундай система менен парламенттик шайлоо өткөн. Анда жарык өчүп калып, сервер туура эмес эсептегенин айтышып, өздөрү кааалаган партиялар өтүп, калгандары өтпөй калган. Таза шайлоо болушу үчүн биз Африкадан үлгү алышыбыз керек. Чоң аянтка талапкерлер келет, алардын аркасына шайлоочулар тизилет. Кимдин аркасында эл көп болсо, ошол талапкер уткан болот».

Эл өкүлү Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, санариптин жардамы менен шайлоо өткөрүү системасын кылдат ишке ашыруу керек. Анткени, ал системага чабул жасалышы мүмкүн, добуштар өзгөрүп кетүү коркунучтары бар. Эгерде коопсуздук жагынан, керектүү жабдуулар жеткиликтүү алынса, демилгени колдоорун айтты.

«Бүгүнкү күндө Эстония мамлекети ушул системаны колдонуп келет. Аларда атайын жеке күбөлүктү тастыктоочу кол жазманы каттаган система бар. Ошонун негизинде ишке ашат. Айрым чет өлкөлөрдө да ийгиликтүү колдонулуп келет. Бирок биз киберкоопсуздукка каршы керектүү жабдыктар алынып, бардык шарт түзүлгөндө гана ишке ашырууга кадам коюу зарыл. Эгерде шарт жок болсо, тобокелчиликтери абдан көп. Системага башка бирөөлөр кирип, өзгөрүп кетүү коркунучу бар».

Шайлоо учурунуда аралыктан добуш берүү системасы качан ишке кирери, ал парламенттик жана президенттик шайлоодо да колдонулары же колдонулбасы азырынча так айтыла элек. БШК бул демилгенин үстүнөн дагы иштөө керектигин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM