Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда

Ден соолук , Коом | 20 Мар 2024 | 1042 | 0

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 6081 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 20-марттагы брифингде билдирди. Бейтаптардын 80%ы балдар. Ишенапысованын маалыматына караганда, кызамык боюнча эпидемия 2023-жылы болгон, анда 7 миң 46 учур катталган. Учурда Министрлер кабинетинде оорунун очогун аныктоо иштери күчөтүлгөнү, кошумча эмдөө кампаниясы жүргүзүлүп жатканы кабарланды. Мындан тышкары министрлик кыргызстандыктар эмдөөдөн эки себеп менен баш тартарын билдирди.

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 6081 учуру катталды. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, бейтаптардын 80%ы балдар, алардын көбү эмдөөдөн өтпөгөндөр.

Айтымга караганда, эң көп Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталууда. Оорунун көбөйүшүнө балдар жана чоңдор арасында кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуунун көптүгү себеп болуп жатат.

Ишенапысова өлкөдө кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясы башталганын кабарлады. Ошондой эле эмдөө календарына өзгөртүү киргизилгенин белгиледи.

«Кыргызстанда максаттуу топтогу балдардын 90%дан ашыгы кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн. 2023-жылдын сентябрынан ноябрына чейин республикада бир жаштан жети жашка чейинки 480 миңден ашык бала эмделген. Былтыркы жылдын ноябрь айынан бери курч эпидемиологиялык абал сакталып турган Жалал-Абад облусунда 13-марттан тарта кошумча эмдөө кампаниясы башталды. Улуттук эмдөө календары өзгөртүлгөнү да белгиленди. Ага ылайык, кызамыкка каршы биринчи эмдөө мурдагыдай эле жыл сайын жүргүзүлөт, бирок ревакцинация алты жашта эмес, эки жашта сайыла турган болду. Анткени оорулуулардын арасында алты жашка чейинки балдар да болуп жатат».

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, кызамыктын чыгышына коронавирус пандемиясы учурунда вакцинадан баш тарткандардын көбөйүшү жана эмдөө алган балдардын азайышы себеп болгон. Бүгүнкү күндө балдардын 93 пайызы вакцинанын биринчи дозасы, 96 пайызы экинчи дозасы менен эмделди.

Мекеме билдиргендей, ооруга каршы вакцина алуудан 22 миң адам баш тарткан. Эмдөөдөн көбүнчө диний көз караштан улам же вакцинанын сапатынан күмөн санаганы үчүн баш тартышат.

Ал эми муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев шарият боюнча дары-дармектин курамында арам кошулмалар болбошу керектигин белгиледи.

Ал вакцинанын курамы таза болсо, дин эмдөөдөн өтүүгө каршы эместигин айтты. Ошондой эле бүгүнкү күндө муфтият министрлик менен кызматташып, элди эмдөөдөн өткөрүүдө туура маалымат жеткирүү керектигин кошумчалады.

«Кечээ күнү эле Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү эмдөө боюнча бизге кайрылды, жолугушуу өткөрдүк. Алар да дин себебинен эмдөөдөн баш тартып жаткандар биринчи орунда эмес экенин айтышты. Башка тармактын да өкүлдөрү баш тартып жатышканы белгилүү. Баш тартууга менин оюмча, социалдык тармактардагы туура эмес маалыматтардын тарашы себеп болуп жатат. «Еврейлер жасап таратып жатышат, өздөрү албайт» деген сыяктуу туура эмес маалыматтар жайылууда. Биз министрлик менен бул жаатта кызматташа беребиз. Бизде Аалымдар кеңеши деген орган бар. Чечимдердин баарын алар кабыл алышат. Биз дарыгерлерди элге туура маалымат жеткиришин сунуштайбыз».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин Кыргызстан кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алган. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн.

Учурда Министрлер кабинетинде оорунун очогун аныктоо иштери күчөтүлгөнү, кошумча эмдөө кампаниясы жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Иммунолог дарыгер Бактыгүл Жанкойлиева кызамыкка чалдыккандардын көпчүлүгү вакцина албагандар экенин белгиледи.

Анын айтымында, кызамык — балдар арасында тез жайылуучу, адамдын иммунитетине жараша өтө турган оору. Дарыгер эмдөөдөн өтүү оорунун алдын алууга чоң жардам берерин эскертти.

«Кызамык курч вирустук инфекциялардын катарына кирет. Көбүнчө аба аркылуу жугат. Айрыкча дем алуу органдары көбүрөөк жабыркайт. Кызамыктын белгилерине токтолсом, алгач дене табы көтөрүлөт. Анан табити качып, алсырай, шалдырай баштайт. Кулактын артынан башталып, моюнга, желкеге майда кызыл тактар чыгат. Дароо алдын албаса, ал бара-бара бүт денеге жайылып кетиши мүмкүн. Кызамык балдар арасында тез жайылууда. Бул ооруга көбүнчө 1 жаштан 4 жашка чейинки наристелер чалдыгат. Учурда да ооругандардын 95%ын ушул курактагы балдар түзүүдө. Анын башкы себеби эле убагында эмдөөдөн өтпөгөндөн же энеси эмдөө албагандан болууда. Себеби 1 жашында кызамыкка каршы вакцина алышы керек».

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралдын» эфиринде өткөн жылы 6 миңге жакын бала кызамык менен ооруганын, андан 6 бала көз жумганын билдирген.

Анын айтымында, азыр өлкөнүн бардык аймактарында 2 миңге жакын эмдөө пункттарын ачылып, дарыгерлер окутуудан өткөн.

Министр эмдөө боюнча муфтият менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айткан.

Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95%дан жогору болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM